ЕӨАК чечими: 2026-жылга Кыргызстан электромобиль ташып келүүдө 15 миң даанага квота алды

  • 1 месяц мурун

ЕАЭБ аймагында электр кыймылдаткычтары бар моторлуу транспорт каражаттарына (гибриддик жана электр унаалары) импорттук бажы төлөмүнөн бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдиктер боюнча Кыргыз Республикасы колдонуудагы квотаны өздөштүрүүгө байланыштуу үстүбүздөгү жылга тарифтик жеңилдиктерди кеңейтүүнү жана 15 миң даанага чейин көбөйтүү сунушу кабыл алынды. 

Мындай чечимге Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) Москва шаарында өткөн жыйындын жыйынтыгында кол коюлду. 

Мындан тышкары ЕӨАКнын жыйынын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду:. Анын ичинде бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуу, өткөрүү пункттарында бажы инфраструктурасын жана санариптик технологияларды өркүндөтүү жана башка документтер кабыл алынды.

Кыргызстан Евразия өкмөттөр аралык кеңешине 2026-жылга 15 миң электромобиль алып кирүү боюнча бажы пошлинасынан бошотууну суранганы белгилүү болгон.  

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты