«Дыйкан» ААКын рейдерлик жол менен ээлеп алууга шектүү кармалды
- 6 месяцев мурун
Түп районунун Түп айылындагы «Дыйкан» ААКсынын (эски аталышы «Кыргызсельхозхимия» Түп райондук өндүрүштүк бирикмеси) 3,30 га жер тилкесин жана мүлктүк комплексин рейдерлик жол менен ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында З.Б.В. кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди
Маалыматта айтылгандай, З.Б.В. жасалма иш-кагаздарды колдонуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалап, жалган маалыматтарды колдонуу менен аталган ишкананын жамааттык жыйындарынын протоколдорун түзүп, бул аракеттери менен өлкө мыйзамдарын бузуп, өзүн ишкананын төрагасы катарында көрсөткөн жана «Дыйкан» ААКнын мүлктөрүн мыйзамсыз тескеп жүргөн.
З.Б.В. соттун санкциясына ылайык Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.
Кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




