ДССУ жана ЮНИСЕФ: Газа катастрофанын босогосунда турат

  • 6 месяцев мурун

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Газа тилкесинде электр энергиясы толук өчүп, мекеменин кызматкерлери менен байланыш болбой жатканын билдирди.

«Биз жаңжалдын бардык катышуучуларына жарандык адамдарды жана жарандык инфраструктураны коргоо үчүн зарыл чараларды көрүү керектигин эскертебиз. Алардын арасында медицина кызматкерлери, бейтаптар, оорукана имараттары жана анда жашырынып турган жарандык адамдар да бар»деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

ДССУ белгилегендей, Газа тилкесиндеги ооруканаларга адамдар толуп, «бир эле маалда миңдеген жай тургундарды баш калкалатууга жана кескин көбөйгөн жарадарларга жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү жетпей калды».

«Бул чыныгы катастрофа. Адамдардын дары-дармекке, жардамга болгон муктаждыгы тездик менен өсүүдө. Биздин буга чамабыз жетпей жатат» деди ДССУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча аймактык башкармалыгынын жетекчиси Рик Бреннан.

БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) башчысы Кэтрин Рассел да Газа тилкеси катастрофанын босогосунда турганын билдирди. Ал Газанын суу менен камсыз кылуу системасы талкаланып, анклавдын 2 миллион тургуну суусуз калышы мүмкүн экенин белгиледи.

Израил аскерлери акыркы күндөрү жоочулардын Газа тилкесиндеги 600дөн ашык объектисине сокку урганын билдирди.

Өткөн аптада Египеттин «Рафак» өткөрүү бекети аркылуу Газага гуманитардык жүк жүктөлгөн автоунаалар кирген.

ХАМАС радикал тобу Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн көп киши барымтага алынган. Израил ошондон бери Газа тилкесине абадан сокку уруп жатат.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты