Балдар укугу боюнча өкүл Асел Чынбаева ЮНИСЕФ өкүлү Самман Тапа менен жолугушту
- 5 месяцев мурун
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Тапа менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар балдар укугун коргоо жана бакубаттуулугу жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында балдар укуктарын коргоо системасын чыңдоого жана өлкөдөгү балдардын абалына мониторинг жүргүзүү механизмдерин өнүктүрүүгө багытталган 2026–2027-жылдарга социалдык саясат боюнча программалардын жылдык иш планына кол коюлду.
Кызматташуунун алкагында балдардын абалына системалуу мониторинг жүргүзүүгө жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого жана Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн институтунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат.
Жолугушуунун жүрүшүндө Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн институту менен ЮНИСЕФтин ортосундагы ар бир балага толук кандуу өнүгүү, коргоо жана анын укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Сүрөт: gov.kg




