ДССУ: Согуш башталгандан бери Украинада 43 медициналык объектиге чабуул жасалды

  • 2 года мурун

Украинада согуш башталгандан бери саламаттык сактоо мекемелери кеминде 43 жолу чабуулга кабылып, жыйынтыгында бери дегенде эле 12 киши каза болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Гебрейесус БУУнун Коопсуздук кеңешинде билдирди.

Орусиянын Украинадагы аскердик агерссиясына арналган Коопсуздук кеңештин жыйыны бейшемби күнү Нью-Йоркто өттү.

«Кандай гана жаңжал болбосун, саламаттык сактоо мекемелерине кол салуу – эл аралык гуманитардык укукту бузуу болуп эсептелет», — деди ДССУнун башчысы.

Ал бүгүнкү күндө орус аскерлеринин курчоосунда калган Сумы жана Мариуполь шаарларына гуманитардык жардам жеткирүүдө кыйынчылыктар болуп жатканын кошумчалады.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кайрадан Орусиянын аракеттерин кескин сынга алып, Москваны тез арада ок атууну токтотууга чакырышты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Европа биримдигинин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррель Орусияны Украинада аскердик кылмыш кылып жатат деп айыпташты. Блинкен Орусиянын президенти Владимир Путинди «аскердик кылмышкер» деп атаган АКШ лидери Жо Байдендин айткандары менен толук макул экенин билдирди. Мамлекеттик катчы өз сөзүндө Мариуполдогу адамдар жашырынып отурган драма театрга жасалган соккуну жана Чернигов шаарында 10 жай тургундун каза болгонун эске салды. Блинкендин айтымында, согуш башталган үч жуманын ичинде орус аскерлери жарандык объектилерге соккуларды уруп жатканы талашсыз болуп калды. Ал АКШ аскердик кылмыштар жасалып жатканын формалдуу түрдө ырастай турган далилдерди топтой баштаганын кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты