Доскул Бекмурзаев өзүнө козголгон кылмыш иштери каралоо үчүн жасалып жатканын билдирди

  • 2 года мурун

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Башкы прокуратура тарабынан өзүнө козголгон кылмыш иштери аны каралоо үчү жасалып жатканын «Фейсбук» баракчасы аркылуу айтып чыкты.    

“Кылмыш иштеринин экөө тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген негизде экен. Бирок, мунун баарын мен, менин атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп эсептейм” деди.   

Ошондой эле энергетика тармагынын иши көптөгөн жылдар бою туура эмес жүргүзүлгөнүн, мындай шарттарда жемкорлук иштери гүлдөп, анын кесепетинен кыргыз эли жапа чегип келгендигин жана козголгон кылмыш иши таасирдүү адамга бут тосуунун айынан бир нече адамдын же топтун кызыкчылыгы тебеленерин айтты.

“Өтө жоопкерчиликтүү бул кызматка келүү менен мен жаңы жаркын келечекке жол баштап, энергетика тармагын модернизациялоого бар күчүмдү жумшагам. Аталган секторду ирээтке келтирүүгө болгон аракетим жана андагы чоң өзгөрүүлөр көмүскөдө калып калбайт деп ишенем. Мунун баары айрым бирөөлөргө жакпагандыктан, кээде кайсы бир таасирдүү адамга бут тосуулар болуп, кээде мунун айынан бир нече адамдын же бир топтун кызыкчылыгы тебеленет тура. Мен бул жолдун татаал болорун билгем жана ою жаман адамдарды басып өтөм деп ишенем. Бул тоскоолдуктар мени токтото албайт” деди Доскул Бекмурзаев.

Башкы прокуратура бүгүн, 13-сентябрда, энергетика министри Доскул Бекмурзаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголгонун билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты