“Дордойдо” кампадан чыккан өрт өчүрүлдү

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын “Дордой” базарында жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшөрү менен өрттү өчүрүүгө саат 02:09да Свердлов, Октябрь райондорунан өрт өчүрүүчүлөр жана штаб тартылган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Кошумча саат 02:29да Биринчи май районунан, жалпысынан  4 бөлүм жана штаб өрттү өчүрүшкөн. Өрт саат 03:15те чектөөгө алынып, 04:22де өчүрүлгөнү, өрттүн жалпы аянты болжол менен 250 ч.м. түзөт. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок экени айтылды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты