Садыр Жапаров: Кыргызстанда ишкерлер өздөрүн мамлекеттин өнөктөшү катары сезиши керек
- 1 неделя мурун
Кыргызстанда ишкерлер өздөрүн мамлекеттин өнөктөшү катары сезиши керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-февралда, республикалык кеңешмеде жасаган баяндамасында билдирди.
-Биз Кыргызстандын экономикасынын жүрөгү, инновациялардын жана жаңы жумуш орундарынын булагы ишкерлер болушун каалайбыз. Мамлекет дайым алардын жанында болот, коргоосуна алат, кепилдик берет. Биз бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү улантабыз: туруктуу жана түшүнүктүү эрежелер, бардыгы үчүн бирдей болгон мүмкүнчүлүктөр менен камсыз болот. Биздин Кыргызстанда ишкерлер өздөрүн мамлекеттин өнөктөшү катары сезиши керек. Ушундай эки тараптуу сый-урмат мамиле менен гана биз кубаттуу экономикалык секирикти жана өлкөбүздүн татыктуу келечегин камсыздай алабыз,-деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнө кайрылып, негизсиз текшерүүлөрдү токтотууну талап кылды:
-Республикалык кеңешмеде олтурган бардык укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнө алдын ала кайрыламын. Ак ниет иштеген жана мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон бизнес ар тараптан корголушу керек. Бизнесмен коркуу чөйрөсүндө, басым-кысым шартында иштеген жерде экономикалык өсүш токтойт. Бул албетте, мамлекетке, элге, эң ириде бардык жоопкерчиликти моюнга алган бизге залакасы тиет. Мына ошондуктан жергиликтүү укук коргоо органдары айыл өкмөттөрдү, акимдерди, мэрлерди негизсиз текшерүүнү токтоткула. Алардын ишине тоскоолдук кылып, отчет алып, контролдоп же негизи жок эле кабинетиңерге чакырганыңарды койгула.
-Ошол эле учурда, жергиликтүү жетекчилер, силер дагы уурдабай, коррупцияга малынбай, калыс, адилет иштеп бергиле. Кабинетиңерде бекинип отура бербей, эл аралап, элдин көйгөйлөрү болсо ордунан чечип тургула. Эл менен жакын болгула. Кокус силер дагы мамлекеттин бюджетине кол салып, “бизди эч ким текшере албайт, сурай албайт” деп коррупцияга малынсаңар, силерге дагы аёо жок. Ошону эсиңиздерден чыгарбаңыздар,- деп кайрылды Жапаров.
Бүгүн, 27-февралда, республикалык кеңешме өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө МинКаб жетекчилиги 2025-жылы өлкөнүн ар кыл тармактарында аткарылган иштер боюнча маалымат берди.
Ошондой эле президент Садыр Жапаров акыркы беш жылдагы жетишкендиктер жана алдыда аткарылуучу милдеттер тууралуу баяндама жасады.
Сүрөт: Жыйын учурунда. Интернет булактарынан




