Жылдын аягына чейин пландан тышкары салыктык текшерүүгө мораторий киргизилди
- 4 месяца мурун
2026-жылдын аягына чейин пландан тышкаркы салыктык текшерүүлөргө мораторий киргизилди. Мыйзамсыз текшерүүлөргө, кысымга жана кызмат адамдардын негизсиз кийлигишүүсүнө тыюу салынат.
Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
“Башкы прокуратура ишкерлердин укуктарын коргоону камсыздайт. Эгерде мораторий бузулса же мыйзамсыз талаптар коюлса — прокуратурага кайрылууга укуктуусуз” деп Башкы прокуратура ишкерлерге кайрылды.
-Мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан ишкерлерди дайны жок эле кысымга албагыла, кокус кандайдыр бир кысым-басымдын четин угуп калсам, капа болбогула. Ишкерлер ирденип алса, салыктык төлөмдөр дагы көбөйөт, кошумча жумуш орундары дагы түзүлөт, мамлекетибизге, эли-журтубузга бардык жагынан пайда да гана алып келет. Ошол эле учурда мамлекет ишеним артып, тиешелүү шарттарды түзүп берип жатканда ишкерлер дагы кыянаттык кылып, салыктарын жаап-жашырбай, ак иштейт деп үмүт кылам,-деп билдирди 18-февралда “Ала-Арча” жаратылыш паркында асма жолдун ачылышында президент Садыр Жапаров.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




