«Дордой» базарынын сатуучулары нааразылык акциясына чыгышты

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 4-сентябрда, Бишкекиеги «Дордой»-«Жунхай» бззарында соода кылып иштегендер нааразылык акциясына чыгышты.

Нааразылык акциясына чыккандар салыктын көбөйтүлүшүнө нааразы болушууда. Алардын айтымында, акцияга 500 дөй сатуучу чыкты. Алар салык боюнча түшүндүрмө берилмейинче, контейнерлерди ачпай турганын билдирүүдө.

Учурда алар салык кызматынын кызматкерлерин күтүп жатышат.

4-сентябрда нааразылык акцияга чыккан соодагерлердин бири Аиза Рысбекованын айтымында, Мамлекеттик салык кызматынын адистери бир апта мурун товар сактаган ондогон кампаларга мөөр басып кеткен.

«Кампада турган товардын жалпы наркынан 10% салык катары төлөгүлө деп атат. Бирок бул биз үчүн көп чыгым. 30 жылдан бери бизге товарлар көмүскө базардан келет. Анын үстүнө биздин товарларды жакынкы Казакстан жана Орусия гана алат. Ишибиз мурдагыдай жүрүп жаткан жери жок. 10% төлөй албайбыз, кампаларыбызды ачып берсин» деди Аиза Рысбекова.

Айрым ишкерлер кампалары эки айдан бери ачылбай турганын, 1 миллион сомдон ашык салык төлөп ачтырышканын айтышты. Чогулгандар Салык кызматынын адистеринин келишин талап кылышууда.

«Дордой» комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы Дамира Дөөлөталиева Салык кызматы менен сүйлөшүүлөр болуп жатканын айтты.

«Товар сакталган 800 контейнер жабылган. Салык кызматы товар кайдан, кандай баада келгенин көргөзгүлө деп талап кылууда. Бирок биздин соодагерлердин андай кагаздары жок» деди Дөөлөталиева.

«Дордой» жана «Жунхай» базарларынын соодагерлери буга чейин да нааразылык акцияларына чыгышкан. Алар патент системасын калтырууну, салыктын наркын көтөрүүнү токтотууну талап кылышкан.

Быйылкы жылдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук (ЭТТН) түрү болушу шарт. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалымат системасынан «жеке кабинет» ачып, ар бир коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты