“Кара-Суу” базарындагы ишкерлер ККМ колдонуудан бошотулат

  • 5 месяцев мурун

Мамлекеттик салык кызматы Оштогу Кара-Суу базарында 29-ноябрда митингге чыккан ишкерлер боюнча комментарий берип, алар каршылык акциясын токтотуп, ишке киришкени жана  көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) пайдаланбай турганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, алар 2024-жылдын 1-январынан тартып өзгөчө режимдеги аймакта товар сатууда көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуудан бошотулат.

“Атайын салык режими пайда салыгын, сатуу салыгын, кошумча нарк салыгын алмаштырат жана акцизделчү жана атайын лицензияларды же уруксаттарды талап кылган товарлардан тышкары товарларды сатууга карата колдонулат” деп айтылат маалыматта.

Стратегиялык объектилерге Бишкектеги “Дордой” жана Оштогу “Тураталы эл базары” (Кара-Суу) базарлары кирет.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты