«Донбасс. Окраина», «Солнцепек», «Ополченочка» көркөм тасмалары Кыргызстанда көрсөтүлбөй турган болду  

  • 2 года мурун

«Донбасс. Окраина», «Солнцепек», «Ополченочка» көркөм тасмалары Кыргызстанда көрсөтүлбөй турган болду.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, орусиялык “Гармония” маданий борбору Кыргыз Республикасынын аймагында “Время правды” аттуу кинофестивалын өткөрүүнү пландаган. Ошондуктан аталган маданий борбор 2022-жылдын 18-апрелинде 2019-жылы тартылган “Донбасс. Окраина”, “Солнцепек”, “Ополченочка” көркөм тасмаларын республиканын аймагында көрсөтүүгө уруксат алуу максатында “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборбору” мамлекеттик мекемесине кайрылган.

Аталган тасмалар Кыргыз Республикасынын аймагында тасмаларды жүгүртүүгө чыгаруу үчүн өкмөттүн 1999-жылдын 29-октябрындагы №509 “Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеофильмдерди жүгүртүүнүн эрежеси жөнүндө” токтомуна ылайык каралды.

Соңку мезгилдеги эл аралык окуяларга байланыштуу жана эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын бейтараптык позициясын кармагандыгына байланыштуу, “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборбору мамлекеттик мекемеси аталган фильмдерге берилген жүгүртүү күбөлүктөрүн кайра чакыртат жана ал фильмдерди Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүүгө тыюу салат.

Буга чейин Кыргызстан Донбасс жөнүндө Орусияда тартылган даректүү тасмалардын көрсөтүлүшүнө уруксат бергендигин 21-апрелде Жогорку Кеңеште маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирген.

«Чындыктын мезгили» деп аталган кинофестиваль алкагында 15-17-апрель күндөрү Бишкекте, Караколдо жана Кара-Балтада үч тасма акысыз көрсөтүлмөк. Бишкектеги Asia Mall соода борбору аларды көрсөтүүдөн баш тарткан. Кийин калган эки шаарда да көрсөтүлбөй турганы маалым болгон.

Фестивалга жергиликтүү жарандык активисттер каршы чыгып, Кыргызстан Украинадагы окуяларды чагылдырууда орус маалыматтарынын таасиринде калганына айтып, коңгуроо кагышкан.

Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты