Дональд Трамптын администрациясы USAID аркылуу чет өлкөлөрдү каржылоонун 90%ын токтотот
- 2 месяца мурун
Дональд Трамптын администрациясы АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги —USAID аркылуу каржылоонун 90%ын токтотот.
Бул тууралуу CNN агенттиги 26-февралда сотто каралуучу доонун алкагындагы документтерде маалымат берилгендигин жазды.
“Жалпысынан алганда USAID уюмунун дээрлик 5800 гранты жокко чыгарылды жана 500 гранты сакталып калды. Сакталып калган гранттын жалпы суммасы 57 миллиард долларды түзөт“ деп айтылат администрациянын билдирүүсүндө.
USAID аркылуу берилген гранттардан тышкары 4100 мамлекеттик гранттар жокко чыгарылганын соттук документтерден улам белгилүү болгону жазылган. Каражат бөлүү боюнча дагы 297 грант карап чыгууну талап кылганын Трамптын администрациясы билдирген.
АКШнын президенти Дональд Трамп президенттик кызматка киришкен биринчи күнү эле USAID тарабынан чет элдиктерге берилүүчү жардамды 90 күнгө токтоткон.Бул чечим сот тарабынан четке кагылган.
АКШнын бийлиги USAID менен Мамлекеттик департаментти бириктирип, агенттиктин 10 миң кызматкердин 300үн эле калтырууну көздөп жатканы айтылган.
Сүрөт: Интернет булактарынан