Трамптын экинчи жарлыгына сот тарабынан бөгөт коюлду  

  • 1 год мурун

АКШнын федералдык соту 28-январда президент Дональд Трамптын администрациясынын федералдык гранттарды жана кредиттерди тоңдуруу жөнүндөгү буйругуна убактылуу бөгөт койду.

Бул тууралуу «Америка үнү» жазды.

АКШнын округдук судьясы Лорен Алихан Вашингтондо 3-февралга чейин карала турган каржылык жардам көрсөтүү боюнча учурдагы программаларды тоңдурууну токтотууну буйруду.

Трамптын администрациясынын буйругу шейшемби күнү саат 17:00дө күчүнө кириши керек болчу.

Президент Трампка каршы доо коммерциялык эмес уюмдар, саламаттык сактоо уюмдары боюнча чакан бизнес өкүлдөрү жана адистер тарабынан берилген.  

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты