Дональд Трамп Владимир Путин менен жолугушуу болбой турганын билдирди
- 1 месяц мурун
АКШнын президенти Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен Будапештте белгиленген жолугушуу болбой турганын билдирди.
“Биз Путин менен боло турган алдыдагы жолугушууну артка кайтардык” деп билдирди Трамп НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен Ак үйдө жолугушуусунда.
Америка лидеринин айтымында, жолугушуу келечекте ишке ашып калышы ыктымал. Анын айтымында, Путин менен жолугушуу ар жолу жакшы маанайда өтөт, бирок эч кандай натыйжа алып келбейт.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен Венгриянын Будапешт шаарында жолугушмакчы болгону айтылган.
Ал эми АКШнын финансы министрлиги “Ростнефть” жана “Лукойл” компанияларына санкция салды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




