Дональд Трамп Украинадагы согушту бир нече жумадан кийин токтото алышаарын айтты

  • 2 месяца мурун

АКШнын президенти Дональд Трамп орус-украин согушун бир нече жумадан кийин токтото алышаарын билдирди.

Бул тууралуу Трамп Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Ак үйдө  журналисттер алдында сүйлөгөн учурда айтты. Анын сүйлөгөн видео тасмасы Х соцтармагындагы  RapidResponse47 аккаунтунда жарыяланды.

“Биз аны бир нече жумадан кийин токтото алабыз деп ойлойм. Эгер биз акылга келсек. Эгер акылыбызга келбесек, анда бул улана бермекчи, биз өлүмгө кыйбаган, жаш, келишимдүү адамдарыбыздан айрыла бермекчибиз. Биз алардан айрылгыбыз келбейт” деди Трамп.  

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты