Дональд Трамп Путин менен жолугушууга даярдык жүрүп жаткандыгын билдирди

  • 2 недели мурун

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп азыркы учурда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга даярдык жүрүп жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу BBCнин орус кызматы жазды.

Маалыматка ылайык, Трамп Флорида штатында Мар-а-Лагодогу резиденциясында республикачыл губернаторлор менен жолугушуунун алдында журналисттерге: «Ал жолугушууну каалайт жана биз даярдык көрүп жатабыз», — деген. Трамп жолугушуу качан болору тууралуу айткан эмес.

Ошондой эле ал «Президент Путин жолугушууну каалайт. Ал атүгүл муну коом алдында ачык айтты жана биз бул согушту токтотушубуз керек”, — деп кошумчалаган.

BBC Трамп Украинадагы согуш тууралуу айтып жатканын, ал бир нече жолу согушту токтотууга убада кылып, бирок аны токтотууну кантип пландап жатканын так айта электигин жазды.

«Жума күнү, 10-январда Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге президенттердин жолугушуусу боюнча конкреттүү пландар жок экенин, бирок Москва Дональд Трамптын диалогго баруу каалоосун кубаттай турганын билдирди. Кремлдин өкүлү белгилегендей, диалог үчүн алдын ала шарттар талап кылынбайт, бирок лидерлердин өз ара каалоосу керек»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты