Дональд Трамп менен Владимир Путин телефондон сүйлөштү

  • 1 месяц мурун

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу Америка лидери New York Post басылмасына берген маегинде билдирди.

Андагы сүйлөшүү тууралуу Трамп минтип айткан:

“Ал элдердин  өлүмү токтосо экен дейт. Украинада эң бир жаман согуш болууда. Бул “шайтанчылыкты” токтоткум келет”.  

Ошондой эле АКШ президенти Украинадагы согушту токтотуу боюнча планы бар экенин билдирип, бирок кандай план экенин басылмага ачыктаган эмес.   

Дональд Трамп аталган басылмага Украинанын президенти Владимир Зеленский менен бирге Украинадагы сейрек кездешүүчү металлдар жана газ боюнча, коопсуздук чараларына байланыштуу кепилдик тууралуу 500 млн долларга келишим түзүү тууралуу оюн билдирген.

Кремль ал билдирүүлөргө азырынча комментарий берген эмес.

Сүрөт: Интернет булактарынан    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты