Дональд Трамп менен Владимир Путин телефондон сүйлөштү

  • 1 месяц мурун

АКШнын президенти Дональд Трамп 12-февралда Россиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү. Андан кийин Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөштү.

РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүү дээрлик бир жарым саатка созулганын айтты.

Анда “Украинадагы абалды жөнгө салуу маселеси талкууланганы белгиленди. Трамп тараптарды жаңжалды токтотуугу тынч жолдор менен чечүүнү сунуштады.

Дональд Трамп Путин менен схйлөшүүлөрдөн кийин өзүнүн Truth Social социалдык тармагында алар Украина, Жакынкы Чыгыш, энергетика жана башка темаларды талкуулаганын жазды.  

Владимир Путин менен сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин, Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийге телефон аркылуу сүйлөшө турганын жазган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты