Дохада жарылуулар болду. Израил ХАМАС жетекчилерине чабуул койгонун билдирди

  • 10 месяцев мурун

Катардын борбору Доха шаарында 9-сентябрда күндүз бир нече жолу  жарылуулар болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.  

Израил армиясы ал жакта чогулган ХАМАС террордук тобунун жетекчилерине каршы сокку урганын билдирди.

“Сокку уруу алдында жай тургундарды тобокелге салбоо чаралары көрүлгөн, анын ичинде так мелжей турган курал-жарак жана чалгын маалыматтарын колдонуу чаралары көрүлдү” деп айтылат билдирүүдө.

“Аль-Жазира” агенттигинин ХАМАСтагы жеке булагы Дохада АКШнын президенти Дональд Трамптын Газада ок атууну токтотуу сунушун талкуулап жаткан топтун жетекчилери чабуулга кабылганын жазды.

“Аль-Арабия” телеканалынын билдирүүсү боюнча, Израилдин соккусунан ХАМАС лидерлеринин бири Халиль-Аль- Хая жана дагы топтун жогорку даражалуу үч мүчөсү каза тапкан.  

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты