“Додик” каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топ мүчөсү Түркиядан Кыргызстанга алынып келинди

  • 4 недели мурун

“Додик” аттуу каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топ мүчөсү Түркиядан Кыргызстанга алынып келинди.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүндө (ири өлчөмдөгү алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда каракчылык үчүн соттолгон, 1984-жылы Жалал-Абад шаарында туулган, “Додик” каймана аты бар, М.Д.М. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны эл аралык издөөгө жарыяланган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө М.Д.М. жарандардын жер тилкелерин алдамчылык жол менен ээлеп алып, үчүнчү жактарга сатып жибергени аныкталган.

Мындан тышкары М.Д.М. уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо үчүн Манас шаарынын курулуш компанияларынын биринен батир алганы аныкталган.   

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты