Днепрде Орусиянын соккусунан каза болгондордун саны 40ка жетти

  • 1 год мурун

Украинанын Днепр шаарында Орусиянын ракеталык чабуулунан мерт кеткендердин саны 40ка жетти, дагы отуздай киши дайынсыз. Расмий кабарга ылайык, курман болгондордун бери дегенде экөө — балдар.

Днепропетровск облусунун башчысы Валентин Резниченко 75 адам жараат алганын, алардын 14ү балдар экенин билдирди. Издөө-куткаруу иштери дээрлик 40 сааттан бери уланууда. Жеринде психологдор, юристтер иштеп жатат. Тургундарга тамак-аш уюштурулду.

Шаарга 14-январда орусиялык ондогон түрдүү ракета атылганда алардын бири тогуз кабат үйгө тийип, анын бир тарабы толук кыйрап калган. 16-январдагы маалыматтарга ылайык, 39 киши куткарылды.

Киев орустар Х-22 ракетасы менен сокку урганын айтууда. Шаарда үч күндүк аза күтүү жарыяланган.

Орусиянын Коргоо министрлиги ракеталары Украинанын аскердик башкаруу мекемелерине тийгенин, сокку максатына жеткенин билдирүүдө.

Орусия Украинага басып киргенине 11 ай болду. Ал тапта украин армиясы өлкө чыгышында ондогон соккунун мизин кайтарганын 16-январда кабарлады, бирок ракеталык сокку коркунучу бар экени эскертилди.

Булак: «Азаттык»

Сүрөт: RRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты