Дмитрий Биволдун Артур Линдон менен таймашынын урунттуу учурлары (видео)
- 10 месяцев мурун
- Видео
Кыргызстанда туулган жердешибиз, орусиялык мушкер Дмитрий Биволдун Эр-Рияд шаарындагы кечээки таймашынын урунттуу учурларын видеотасмадан көрүүгө болот.
Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) супер чемпиону Дмитрий Бивол кечээ, 23-декабрда, Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын чемпиону британиялык Артур Линдонду 120-107 эсебинде ишенимдүү жеңип алды.
Дмитрий Бивол дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болуш үчүн орусиялык мушкер Артур Бетербиев менен беттешиши керек. Артур Бетербиев 2024-жылдын январь айында британиялык мушкер Каллум Смит менен ойнойт.
Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Кыргызстанда, Токмок шаарында туулган.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!