Диний-экстремисттик материалдарды жайылтууга шектелген аккаунт ээси кармалды    

  • 2 года мурун

Диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын тараткан аккаунттун ээси Улуттук коопсуздук боюнча мамдекеттик комитети (УКМК) тарабынан кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, «Новосибирск-Ош» авиакаттамы менен учуп келген Ж.М.П. аттуу КР жараны Кыргызстандын аймагына кирип келе жатканда Ош шаарынын аэропортунан кармалган. Ага кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин1-бөлүгүндө (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

Тиешелүү теологиялык экспертизанын жыйынтыгында, аккаунт аркылуу жарыяланган материалдарда диний-экстремисттик уюмдун символдору, экстремисттик чакырыктар табылган.

Учурда кармалган жаран КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты