Диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет элдик жаран кармалды

8-сентябрда УКМК тарабынан 2018-жылдан бери Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүргөн жана мыйзамсыз диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет мамлекеттин Ч.Д.Д. аттуу жараны кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш кылмыштардын бердиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 5-бөлүгү (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө белгилүү болду.

Тинтүү иш-чараларынын натыйжасында чет элдик жарандын убактылуу жашаган жеринен бир нече ноутбук, электрондук алып жүрүүчү, банк карталары, көп сандагы телефондор жана сим-карталар, тергөөгө тиешеүү материалдар табылып алынды.

Кармалган чет элдик жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, ага карата ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты