Диний экстремисттик «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун Бишкектеги көмүскө иши токтотулду

Кыргыз Республикасында тыюу салынган «Хизбут-Тахрир аль-ислами» диний-экстремисттик уюмдун жашыруун ячейкасынын ишмердүүлүгү токтотулду.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

“Хизб-ут-Тахрир” ячейкасынын кызматкерлери узак убакыт бою тымызын түрдө үгүт иштерин жүргүзүп, ошондой эле Хизб-ут-Тахрирдин катарына жаңы тарапкерлерди тартып келгени аныкталган.

Негизги жетекчилеринин жашаган жерлеринен жана алардын кылмыштуу байланыштары боюнча «Хизбут-Тахрир» тарабынан редакцияланган көп сандагы басылмалар ж.б. алардын «Хизбут-Тахрир» тиешеси бар экендигин көрсөткөн буюм далилдери табылып алынды.

О.Р, Д.А жана З.Ж. аттуу жетекчилери кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланып жатканы кабарланды.

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты