Digital nomad — Санариптик көчмөн статусу каралган мыйзам долбооруна кол коюлду
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы миграция жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 9-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Аталган мыйзам менен “Тышкы миграция жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген, аларга ылайык, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндө жана башка чектеш чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн чет мамлекеттин жаранынын – адисинин жүргөн жери боюнча каттоосуз жана эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн уруксат берүүчү документтерсиз Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө/жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун бекитүү каралган.
Андан тышкары, мыйзам менен “Санариптик көчмөн” статусун алууга мүмкүнчүлүгү бар чет өлкөлүк жарандардын категориясы, бул статустун ээсинин укуктары жана милдеттери, бул статусту ыйгаруунун тартиби, ошондой эле “Санариптик көчмөн” статусунун ээсинин жана анын жакын туугандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби Министрлер кабинетинин чечими менен аныкталат деп белгиленген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан