#Детектор. Кыргызстандагы “жалданмачылык”: Окуянын чоо-жайы

Акыркы убакта Кыргызстанда Орусиянын маалыматтык таасирине байланыштуу жагдайлар коомчулуктун көңүлун бурууда. Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан «жалданмачылык» беренеси менен айыпталган төрт жаран камакка алынган соң, бул окуялар өлкөдө маалыматтык коопсуздуктун абалы тууралуу суроолорду жаратты. 

Кармалгандардын арасында мамлекеттик түзүмдөрдө жана Орусия менен байланышкан уюмдарда иштеген кызматкерлердин болушу маселени ого бетер курчутат. Бул окуялардын артында кандай кызыкчылыктар жана кооптонуулар жатат? Бул туурасында “Детектор” берүүбүздө анализдеп көрөлү.

Кармалгандар кимдер?

14-апрелде Ош шаарында төрт жаран “жалданмачылыкка” айыпталып кармалган. Алар “Украинадагы согушка кыргызстандыктарды тартууга аракет кылган” деп шектелүүдө. Кармалгандардын арасында “Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина жана Ош мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Сергей Лапушкин бар. Булардын арасынан өзгөчө көңүлдү бурган учур — бул мамлекеттик кызматкердин шектелиши жана “Орус үйү” сыяктуу расмий орусиялык түзүмдүн өкүлүнүн  аты чыгып жатканы.

“Орус үйү” — бул «Россотрудничество» агенттигине караштуу мекеме. Агенттиктин башчысы Евгений Примаков бул окуяны «чагым» деп мүнөздөп, Секеринаны бошотуу үчүн аракеттер көрүлө турганын билдирди. Мунун өзү бул уюмдар менен орусиялык мамлекеттик деңгээлдеги байланыш бар экенин айгинелейт. Ага улай эле, 24-апрелде орусиялык маалымат каражаттары кармалгандардын катарында Орусиянын жараны Виктор Васильев да бар экенин жазып чыгышты. 

Васильевдин ысымы буга чейин — «Свобода» радиосу менен «Настоящее время» каналынын «Система» долбоорунун, The Insider, «Досьенин» буга чейинки биргелешкен иликтөөсүндө аталган. Ошондой эле, “Улыбаемся и машем” телеграм-каналынын негиздөөчүсү экени айтылып, “Салам, Кыргызстан!” баракчасынын редакторлорунун бири болгону тууралуу маалымат тараган, бирок бул азырынча тастыктала элек. 

Кармоолорго болгон реакциялар

Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган жарандар коомчулукта жана социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Жарандык коом өкүлдөрү бул ишти маалыматтык коопсуздук маселеси катары кароону сунушташты. Мисалы, жарандык активист Адиль Турдукулов өзүнүн Фейсбук баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырган:https://www.facebook.com/share/p/12GMKRLQdjh/ 

Биздин жарандардын четте согушуп жүргөнү, коопсуздугубузга да, орус-украин жаңжалындагы бейтарап позициябызга да шек келтирет. Ошондуктан согушка азгыргандарга да, азгырылгандарга да катуу чара көрүү керек. Болбосо, жалданып согушка катышканы үчүн соттолгон жарандар эркиндикке чыгып, Орусияга кетип калганын көрүп жатабыз. Биздин жарандар да согушка катышсак боло берет турбайбы, Орусия бизди калкалап калат турбайбы деген түшүнүк калыптанып жатат. Буга президент өзү реакция жасашы керек. УКМКнын башчысы диний экстремизм менен кандай күрөшсө, бул маселе боюнча да ошондой эле алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек”. 

Ал эми журналист Семетей Аманбеков Фейсбуктагы баракчасына аткаминерлердин баарын текшерүүдөн өткөрүү керекпи деген суроо салды.https://www.facebook.com/share/p/1CHYqtFv5Z/

Менин оюмча, бул камоолор — өзүнчө эле учур эмес, бул — системалуу чакырык. Бул көрүнүш «маданий-гуманитардык» дипломатия кээде жашыруун кийлигишүүнүн куралы катары колдонулушу мүмкүн экенин, ал эми жергиликтүү аткаминерлер анын активдүү катышуучуларына айланып каларын көрсөттү. Мында коркунуч алыскы «коллективдүү Батыштан» же «чет өлкөлүк агенттерден» эмес, тескерисинче, “тарыхый жана маданий жактан жакын” деп саналган мамлекеттен келип жатканы билинди. Эгерде сотто согушка адамдарды жалдоо болгондугу аныкталса жана биздин балдарды өлүмгө жиберүүгө аракет кылышканы тастыкталса, бул маселе Кыргызстан үчүн эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия үчүн коңгуроо болот. Анткени мындайча айтканда, согуштук кагылышууларга жалдоо “сыртта” эмес, эми “региондун ичинде” да болуп жатканын көрсөтөт”. 

Бул тууралуу Орусиянын айрым депутаттары жана расмий өкүлдөрү дагы өз пикирлерин билдиришкен. Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Михаил Матвеев жалданмачылык менен кармоолорго комментарий берип, Кыргызстанды “кичинекей уюм” деп атап, “ордуна коюш керек” деген пикирин билдирген.

“Менин оюмча, мисалы, Кыргызстанга орусиялык банктардан жеңил акча которууларга чектөө киргизсе болот. Которуулар күтүлбөгөн жерден бөгөттөлүп калганда, ушундай нерсе болушу мүмкүн да!? Чоң державанын  колунда “өзүн ээн-эркин алып жүргөн кичинекей, уятсыз уюмду” ордуна коюу үчүн миллиондогон вариант бар”.  

Кыргызстанда жайылган орус пропагандасы

2021-жылдан бери Кыргызстанда Орусияны колдогон, СССРди эңсеген маанайдагы билдирүүлөрдүн саны өсүп жатат. “ПолитКлиника” медиасынын изилдөөсүнө ылайык, жогоруда аты аталган “Салам Кыргызстан”, “Тентек кыз”, “Две точки зрения” аттуу Facebook баракчалары жана “Полит Ломбард” аттуу Telegram каналы орусиячыл багыттагы контентти үзгүлтүксүз таратып келет. 

2022-жылдын башынан 2023-жылдын февраль айына чейинки аралыктын ичинде жарыяланган 5 миңге жакын билдирүүнүн ар бир бешинчиси Орусиянын маалыматтык таасирин жайылтууга багытталган.

Аталган баракчалар Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгын идеалдаштырып көрсөтөт. Ошону менен катар, улуттук иденттүүлүккө байланыштуу аракеттерди мисалы, репрессия курмандыктарын актоо, кыргыз тилин өнүктүрүү, совет доорунун тарыхын кайра карап чыгуу өңдүү демилгелерди кескин сындашат. 

Окшош эксперттер жана маалымат булактары

Бул баракчалар коопсуздук жана тышкы саясат маселелеринде Александр Князев менен Динмухамед Алмамбетовду «эксперт» катары көрсөтүшөт. Айрыкча Князевге көп жолу шилтеме берилген. Ал буга чейин кыргыз бийлигин сындап, өлкөгө кире албай калганын айтып чыккан. 

Кыргызстанда “жалданмачылык” беренеси боюнча козголгон иштер Орусиянын маалыматтык түзүмдөрүнүн өлкөдөгү таасирин жана байланыштарын ачыкка чыгарып жатат. Коомдук пикирге таасир этүү, улуттук иденттүүлүктү кемсинтүү жана саясий фигураларга багытталган каралоо өнөктүктөрү — мунун баары маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгын көрсөтөт. 

Ташиев менен элчи жолуккандан кийин кармалгандардын экөө бошотулду

Андан көп өтпөй, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алганы кабарланды. 

Маалыматка ылайык, жолугушууда “жалданмачылык” беренеси боюнча шек саналган жарандар, анын ичинде “Россотрудничество” уюмунун кызматкерлери тууралуу да маселе талкууланган. Арадан көп өтпөй, “Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина жана Ош мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Сергей Лапушкин убактылуу кармоо жайынан чыгарылганы белгилүү болду.

Даярдаган: Кымбат Турдубекова

Материалдын видеосу (ВИДЕО)

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты