Депутаттыкка талапкердин жубайы добуш сатып алууга шектелип кармалды
- 2 года мурун
- Мультимедиа
“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Элиза Дүйшембиеванын өмүрлүк жолдошу шайлоочулардын добушун сатып алууга шектелип кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Бул факты кылмыш-жаза кодексинин бирдиктүү реестрине катталды.
Талапкердин жубайы Ырысбек Тойбеков катталбаган агитаторго 40 миң сом берүүнү убадалаган. 27-ноябрда Ысык-Ата районунунтургундарынын арасынан шайлоочулардын добушун сатып алууга 30 миң сом берип жатканда колго түшкөн.
Жеке буюмдарын тинтүү учурунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын талапкерлеринин үгүт баракчалары табылган.
Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Эртең, 28-ноябрда Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.