Депутаттык комиссия Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берүү сунушун четке какты

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун ишине байланыштуу түзүлгөн комиссия Башкы прокуратуранын аны жоопко тартуу үчүн уруксат берүү сунушун четке какты. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу депутат Исхак Масалиевдин маалыматына таянып жазды.

Анын айтымында, комиссия эми чечимдин долбоорун Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгат.

«Комиссиянын чечимин Жогорку Кеңешке жөнөтүп жатабыз. Ал жактан кандай чечим кабыл алынат алдын ала айткандан корком», — деп билдирген Масалиев.

Башкы прокуратура февралда Мадумаровго карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козгогону белгилүү болгон. Башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүү өтүнүчү менен парламентке кайрылган. Буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүлүп, алар маселени бир ай ичинде карап чыкмай болгон.

Кийин Башкы прокуратура кылмыш ишин “Мамлекетке чыккынчылык” беренесинен “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине өзгөрткөн.

Адахан Мадумаров кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалап келет.

Ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколдон улам 14-январдан тарта Башкы прокуратурада күбө катары бир нече жолу сурак берген.

2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап келет.

Президент Садыр Жапаров Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты