Депутаттардын кайым айтышуусу: Айжигитов жыйындан чыгып кетти. Түлөбаев аны сотко бермей болду (Видео)

Бүгүн, 27-майда, Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында Ысык-Көлдө чет өлкөлүктөргө мүлк сатуу боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулоодо депутаттар Балбак Түлөбаев менен Султанбай Айжигитов кайым айтышып кетти. Акырында Айжигитов каршылык билдирип, жыйындан чыгып кетти. Балбак Түлөбаев анын айткандары үчүн сотко берээрин билдирди.

Мыйзам долбоорун алып чыккан депутат Балбак Түлөбаев комитет жыйынында мындай деди:

-Бул мыйзам экинчи окууда каралып жатат. Ысык-Көл облусунан башка бардык жерлерде чет өлкөлүк жарандар мүлк алганга укуктуу. Ысык-Көл облусунда гана кандайдыр бир себептер менен мүлк алганга укук берилбей калган. Илгери кандай себептер болгонун изилдесем, Бостериде бир чатак чыккан дейт, ошол себептен болсо керек, ошондон кийин алынбай калыптыр. Азыркы күндө Ысык-Көл облусунда чет өлкөлүктөр жерге ээлик кыла албайт, жер сатылбайт, жердин үстүндөгү мүлккө гана уруксат берилет. Мүмкүн болсо ушуну экинчи окууда колдоп берип койсоңуздар, -деди депутат Түлөбаев.

Депутат Султанбай Айжигитов Балбак Түлөбаевге мындай жооп кылды:

-Мыйзам долбоорун кайра эле алып келип, башты айландырып жатасыңар. Мына силер айттыңар, жер сатылбайт, жердин үстүндөгү мүлк эле сатылат деп. Бул жерде жердин үстүндөгү мүлк жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Силер рекреация объекттерин сатканы жатасыңар. Рекреация объекттерине эмнелер кирет? -деди Айжигитов.

-Рекреация объекттерине пансионаттар, санаторийлер, отелдер, конок үйлөрү, эс ала турган жайлардын баары кирет.   

-Балбак Зарлыкович, сиз жөнөкөй инженер же мага окшогон авиатор болсоңуз түшүнөт элем. Сиздин экологиялык билимиңиз бар да, -деди Айжигитов.

-Ооба.

-Сиз муну билип туруп, элдин башын айлантып жатасыз. Рекреация объекттери деп, эс алуу жерлерди айтат, аларга жер, тоолор кирет, силер жерлерди, болгондо да эс алуу жерлерди саткан жатасыңар, -деди депутат Айжигитов

Юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов мыйзамда рекреация объекттерине кайсылар кирерин айтып өттү.

-Бул мыйзам жазгандардын аныктамасы экенин, жакшы жерлерди саткыбыз келип жатат, жерди сатып бизнес кылыш керек дебейсиңерби. Рекреация дегенге так аныктама бергиле, -деди Айжигитов. -Силердин бул мыйзамды чыгарып жатканыңар, инвестиция боюнча агенттиктерди түзүп алган өкмөт, инвестиция тарта албай калганынын белгиси.

-Биз өкмөткө жардам берели деп жатабыз,  -деди Түлөбаев.

-Булар инвестиция тарта албай, сатып жатышат. Рекреация объекттери дегенге так аныктама бергиле, -деди Айжигитов.

-Бул жерде жерди сатуу жөнүндө такыр сөз жок. Биздин жарандар деле Түркиядан, башка чет өлкөлөрдөн, Болгария, Грециядан виллаларды алып атышпайбы? Бизге араб туристтер, Казакстан, Өзбекстан, Россиядан келип туристтер мүлк алса жаманбы? -деди Түлөбаев.

-Пансионат, коттедждерди эле алат, жер сатылбайт. Конституция менен Жер кодексинде даана бекитилген. Биз, ысыккөлдүктөр деле башка аймактардагыдай укукка ээ болгубуз келип жатат. Башка облустарга берген мүмкүнчүлүктөрдү Ысык-Көл облусуна да бергиле деген эле сөз, -деди Балбак Түлөбаев.  

Султанбай Айжигитов бул жерде эл аралык аныктаманы окуп, рекреациялык объекттерге жер учактоктору да кирерин белгиледи.

-Силерге ишенбейм. Ниетиңер жакшы эмес. Коомдун, элдин башын айландырбаш керек. Так, ачык бергиле аныктаманы. Бул мыйзам долбоорунун зарылдыгы жок. Мен бул мыйзам долбооруна каршымын. Эл биякта калып калды. Силер бизнести гана сүйлөп калдыңар, Бирок Мекенди сатуу менен эмес, -деди Султанбай Айжигитов.

Султанбай Айжигитов мыйзамга каршы экенин билдирип, жыйындан чыгып кетти. Балбак Түлөбаев Айжигитовдун Мекенди сатып жатат дегени үчүн сотко берээрин билдирди.   

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты