Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамы бекитилди
- 7 месяцев мурун
Бүгүн, 18-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамы каралып, бекитилди.
Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына төмөнкү талапкерлер бекитилди:
— Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев («Ынтымак» парламенттик фракциясынан көрсөтүлгөн);
— Бакыт Кыдыралиева (президент тарабынан көрсөтүлгөн);
— судьялар Мукамбет Касымалиев, Нүргүл Асанова, Дилара Арстанбаева, Айбек Молдакунов, Эльмира Барыктабасова, Санжар Чотонов, Айжан Рыскулова, Гүлназ Кадырова (Судьялар кеңеши тарабынан шайланган);
— Акыйкат Каримов (юридикалык коомчулук тарабынан көрсөтүлгөн).
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү




