Депутаттар тергөө абагындагы абал жана ыш боюнча ЖКда маалымат угуу маселесин көтөрдү
- 2 года мурун
Депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңеште Бишкектеги тергөө абагында абал боюнча маалымат угууну суранды. Бир топ күндөн бери тергөө абагында кандайдыр бир окуялар, сабоо болуп жаткандыгы тууралуу маалымат тарап жатат, бул чынбы-калппы, кыйноо боюнча улуттук борбордун, Акыйкатчынын жана башкалардын бул тууралуу маалыматын угууну билдирди.
Депутат ошондой эле ыш маселеси, мындан бир жыл мурда каралган ыш маселесинен кандай жыйынтык чыгарылып жатканы, токтомдун аткарылышы тууралуу маалымат угууну суранды.
Депутат Элдар Абакиров да ыш, сапаттуу көмүр жагуу маселеси боюнча маалымат угууну өтүндү.
Бишкектеги тергөө абагында анда жаткандар сабалып, айрымдары ачкачылык кармап жатканы тууралуу маалыматтар жарыяланууда. Бул маалыматтарды Жаза аткаруу кызматы төгүндөп келет.
Ал эми ыш маселеси Бишкекте кайрадан курчуду. Кечээ Бишкек шаарын абасы сапатсыз болгон дүйнө шаарларынын сап башына чыкты.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»




