Акыйкатчы институту: Бишкектеги тергөө абагында 20дан ашык кармалгандар ачкачылык жарыялоодо
- 2 месяца мурун
Акыйкатчы институту жалпыга маалымдоо каражаттарына жана социалдык тармактарда камакка алынгандардын укуктары бузулуп жаткандыгы тууралуу чыгып жаткан маалыматтарга байланыштуу Бишкектеги тергөө абагындагы абалга мониторинг жүргүзүүдө.
Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 23-декабрда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери кайрадан тергөө абагына барып, мониторинг учурунда кармалгандар менен баарлашты. Алардын айтымында, 20-декабрдан тарта жыйырмадан ашуун кармалгандар ачкачылык жарыялоодо. Мындай ачкачылык жарыялоо менен алар, күч колдонууну токтотууну жана адвокаттар менен тоскоолдуксуз жолугушууну камсыз кылууну талап кылышууда.
Акыйкатчы Институту кармалгандардын айрымдарынын дене-боюн карап чыкты. Алардын ичинен экөө К.Д. жана Д.Ш. Акыйкатчынын атына арыз менен кайрылып, тергөө абагынын кызматкерлери күч колдонгонун тастыкташты. Алардын айтымында, союл менен сабап, тепкилешкен. Денелеринде ур-токмоктун белгилери -шишик жана гематомалар бар экени аныкталган. Жабырлануучулар — криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү. Алардын айтымында, аларга медициналык жардам да көрсөтүлгөн эмес.
Ошондой эле мониторингдин жүрүшүндө мекеменин жетекчилиги тарабынан 21-декабрдан тарта айыпталуучулардын жана соттолгондордун жактоочулары менен жолугуу графиги өзгөртүлгөн, ага ылайык ишемби жана жекшемби күндөрү дем алыш болуп эсептелинет.
Акыйкатчы институту КР жазык-процесстик кодексинин 46-беренесине ылайык, айыпталуучу өз жактоочусу менен жекеме-жеке жана убакытка чектөөсүз эркин баарлашууга укуктуу экенин эскертет.
Акыйкатчы Институту тергөө абагынын жетекчилигинин абактагыларга келгендерди жолуктуруу графигин өзгөртүү боюнча чечиминин мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кат жолдоду.
Мындан тышкары, тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарга карата күч колдонгону боюнча бардык чогултулган материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, буга чейин институттун кызматкерлери 20-21-декабрда тергөө абагына мониторинг жүргүзүшкөн. Мониторинг учурунда, институттун кызматкерлери Темирлан Султанбеков жана анын камералаштары менен баарлашкан. Тактап айтканда, 20-декабрда буга чейин, анын каты соцтармактарга жарыяланган адам менен да баарлашкан. Институттун кызматкерлери анын денесине кароо жүргүзүп, эч кандай зордук-зомбулуктун белгилери жок экенин көрүшкөн. Бетинде көгөргөн тактарды ал ошол күнү сейилдөө учурунда тайып жыгылып уруп алганын билдирген. Бирок 21-декабрда ал институттун кызматкерлерине башкача көрсөтмө берип, ага карата физикалык күч колдонулганын тастыктаган. Акыйкатчыга жазган арызында ал укугун коргоп берүүнү суранган. Тергөө абагынын кызматкерлери 20-декабрда камераларга тыюу салынган предметтерди киргизбөөнүн алдын алуу максатында тинтүү болгонун кабарлашкан. Акыйкатчы Жамийла Жаманбаева камакка алынгандардын арыздарын жеке көзөмөлүнө алды.
Бир катар ЖМК жаза аткаруу кызматына жаңы жетекчиликтин дайындалышына нааразы болгондор жапырт ачкачылык кармап жатканын жазган. Бирок жаза аткаруу кызматы ал маалыматты төгүндөгөн.
24 kg агенттиги абакта жаткандардын туугандарынын маалыматына ылайык, абак жайына жаңы жетекчиси Чынгыз Кожошевдин келишине нааразы болуп, ачкачылык жарыялаганын жазды. Мурдагы жетекчи Аскат Эгембердиевдин убагында мыйзамдын чегинде тынч кармалып жатышканын, эми уруп-согуу болуп жатканын айтышканын абактагылардын жакындары билдиришкенин жазган.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»