Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу ТИМ маалыматтык билдирүү таратты

  • 3 месяца мурун

Жакынкы Чыгыштагы аскердик-саясий кырдаалдын курчушуна жана чыр-чатактын андан ары күчөшүнүн сакталып турган тобокелдиктерине байланыштууТышкы иштер министрлиги ал мамлекеттерде жүргөн кыргызстандык жарандарды этият болууга чакырды.    

Министрлик Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын төмөнкүлөргө чакырат: 
— өзгөчө этият болууга; 
— мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө кунт коюп көз салууга; 
— жергиликтүү бийликтин талаптарын жана сунуштарын сактоого; 
— текшерилбеген маалыматтарды таратпоого; 
— зарылчылык болбосо, эл көп чогулган жерлерге баруудан алыс болууга жана үйдөн же жашаган жерлерден чыкпоого; 
— сапарларды пландаштырууда авиакаттамдардын статусун алдын ала текшерүүгө; аскердик жана стратегиялык объекттерге жакын барбоо;

Ошондой эле, жеке коопсуздук максатында министрлик аймактын өлкөлөрүнүн аймактарында жүргөн, аскердик тобокелдиктердин деңгээли жогору болгон жарандарга, кырдаал турукташканга чейин мүмкүн болушунча эртерээк чыгып кетүүнү жана көрсөтүлгөн мамлекеттерге баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт. 

Министрлик кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантат жана мындан аркы окуялар жөнүндө ыкчам маалымат берип турат. 

Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментине жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө төмөнкү ишеним телефондору аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз: 
— ТИМ Консулдук департаменти: +996999312002; , [email protected]
— Кувейттеги элчилиги: +96550887691; 
— Катардагы элчилиги: +97450667001; 
— Сауд Арабия Королдугундагы элчилиги: +966583769945; 
— БАЭдеги элчилиги: +971522255269; 
— Дубай шаарындагы башкы консулдугу: +971522918840; 
— Ирандагы элчилиги: +982122830354; +989352505229, [email protected] 
— Израилдеги ардактуу консул: +972 53 3214916.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты