Депутаттар Казакстанга барды
- 2 недели мурун
Бүгүн, 10-июнда, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган парламент делегациясы Казакстанга барды.
Кыргыз делегациясын Астана шаарында жайгашкан Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аба майданынан Казакстандын парламентинин мажилисинин төрагасынын орун басары Альберт Рау баштаган жетекчилер тосуп алды.
Иш сапардын алкагында Нурланбек Тургунбек уулу эки өлкөнүн парламенттер аралык кеңешинин III жыйынына катышат.
Муну менен катар эртең Түрк мамлекеттеринин парламенттик уюмунун кеңешинин кезектеги отуруму жана XIV пленардык жыйыны өтөт.
Ошондой эле төрага бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.
Делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Чолпон Султанбекова, Улан Бакасов, Айсулуу Мамашова жана аппараттын жетекчиси Алайбек Алымбаев бар.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан