Депутаттар ИИМден баңги заттарды таратууга каршы чаралар боюнча маалыматты талап кылышууда

  • 1 год мурун

Бүгүн, 5-апрелде, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында баңги каражаттарынын таралышына каршы аракет боюнча ички иштер министрлигинин маалыматын угууну депутат Марлен Маматалиев көтөрдү.

«Кечээ бардыгы» Принцесса Дури » жөнүндө билишти. Кырдаал ого бетер начар. Мектептерде баңги заты бар конфеттер таратылат экен. Жакында балдар 8-мартта кыздарга электрондук тамеки тартуулашты. Тиешелүү органдардын маалыматын угуу үчүн тармактык комитетке тапшырма берели. Кандай иштер жүрүп, кандай чаралар көрүлүп жатат?» деди Марлен Маматалиев.

Буга чейин ИИМ кылмыш ишинин алкагында «Принцесса Дури» баңги тобунун катышуучулары кармалганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты