“Принцесса Дури” баңги тобунун мүчөлөрү кармалды

  • 1 год мурун
“Принцесса Дури” баңги тобунун мүчөлөрү кармалды

“Принцесса Дури” баңги тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

26-мартта социалдык түйүндөрдө күрөөчүлөр делген жарандарды белгисиз адамдар сабап жаткан видео жарыяланып, коомчулукта чоң резонанс жараткан.

Маалыматка ылайык, аталган кылмыш ИИМдин башчысы тарабынан көзөмөлгө алынган. Өздөрүн «милиция кызматкерлерибиз» деп тааныштырып, күрөөчүлөрдү ээн жерлерге алып барып, сабап, “Принцесса Дури” аталышындагы интернет-дүкөнүнөн уурдалган баңги заты үчүн кечирим суроого мажбурлашкан. Бул көрүнүштү камерага тартып, кураторлоруна жөнөтүшкөн. 3-апрель күнү Атайын операциялар отрядынын ыкчам кызматкерлеринин колдоосу менен 2001-жылы туулган А.у.Г., 2000-жылы туулган К.Т. жана 2004-жылы туулган К.А. кармалган. Шектүүлөрдүн жашаган жерлеринде ыкчам иликтөө иш-чаралары жана тинтүү иштери жүргүзүлүп, буюм далилдери алынган. Баңги топтун башка мүчөлөрүнүн аты-жөнү такталып, атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, анда мүлкүн алып коюу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы топтун ишмердүүлүгүнөн жапа чеккен жарандарды Кызматтын өзүнө же сизге жакын жайгашкан милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты