Депутат жоюла турган телеканалдардын кызматкерлерин иш менен камсыз кылууну суранды 

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жыйынында депутат Тазабек Икрамов жоюла турган мамлекеттик телеканалдардын кызматкерлерин иш менен камсыз кылууну суранды.

Депутат мамлекеттик телеканалды жабуу чечимин Министрлер кабинети кабыл алганын, жумушсуз калган адистерге шарт түзүп берүү керек экенин баса белгилеп өттү.

-“Эмгек жамаатта дээрлик 30 жыл иштегендер бар. Азыркы тапта канча деген жуналисттер ишсиз калды. Аларды иш менен камсыздасын, протоколдук тапшырма бериңиздер,- деп президенттин парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылды.

4-апрелде Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясаты боюнча комитетинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу “5-канал”жана “Пирамида” телеканалдары банкрот болгондугуна байланыштуу жоюла турганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты