“Пирамида» жана «Бешинчи канал» телеканалдары жабыла турганы айтылды

Пирамида» жана «Бешинчи канал» мамлекеттик телеканалдары жабыла турганын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде, 3-апрелде Чыңгыз Эсенгул уулу аталган телеканалдар башка ээликке өтпөй,  жабыла турганын айтты.

“Биз аларды, эки телеканалды ликвидация кылып жатабыз. Банкрот. Карызды жабуу боюнча мамлекеттик мүлк фонду иштеп жатат. Аларды “Кыргызалтынга” өткөрүп берүү ишке ашпай калды, -деди Чыңгыз Эсенгул уулу.

Буга чейин «Бешинчи каналдын» жамааты бийлик өкүлдөрүнө кайрылган.

Алар жумушсуз отурганына төртүнчү ай болуп калганын, мунун себебин түшүндүрүшпөгөнүн, мындан ары эмне болорун айтышпаганын билдиришти.

-Урматтуу президент, Министрлер кабинетинин башчысы, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү! «Бешинчи каналдын» жамааты мына төртүнчү айдан бери жумушсуз отурабыз. Бизге жагдайды эч ким түшүндүргөн жок, мындан ары эмне болорун да айтышкан жок. Бизди адегенде мэрияга өткөрүп беребиз дешкен. Бирок мэриядагылар башкача айтып жатышат. Бизде 60 тан ашык кызматкер бар. Биз кимге гана кайрылган жокпуз. Бизди толук жаап салабыз деген сөз бар. Бирок, жаап салуу жеңил. Каналдын 25 жылдык тажрыйбасы бар. Терең ойлонуу керек» дешет алар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты