Депутат Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартуу маселеси боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өттү

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 8-январда, Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү маселеси боюнча депутаттык убактылуу комиссиянын жыйыны болду.

Комиссиянын мүчөсү Алишер Эрбаев 9-январда дагы отурум болорун, ага Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) жана Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү чакырылганын кабарлады.

“Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, Эмил Жамгырчиев “чек араны мыйзамсыз өттү” дегенге макул эместигин, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө зарылчылык болбогонун айтты.  

Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча комиссия түзүлгөн. Анын курамына депутаттар Данияр Төлөнов, Эльдар Сулайманов, Бахридин Шабазов, Кубанычбек Самаков, Алишер Эрбаев, Бакыт Тентишев, Азамат Исраилов, Султанбай Айжигитов кирди.

Жамчырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун парламентке башкы прокурор Курманкул Зулушев келтирген. Бул тууралуу 27-декабрда парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев айтты. Анын айтымында, депутатка кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылууда.

Конституциянын 78-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикири же берген добушу үчүн куугунтукка алынбайт. Кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурду кошпогондо, эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жоопко тартылат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты