Депутат тыюу салган жерге токтотулган унааны эвакуация кылууну токтотууну талап кылды
- 1 год мурун
Бүгүн, 19-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев тыюу салынган жерге токтотулган унааларды эвакуация кылууну токтотууну талап кылды.
“Эки чакырым жерден сүйрөтүп кетип, эвакуатор кызматы үчүн 2000 сомдон алышат экен. Бул тарифти ким койгон? Антимонополия бул маселени карашы керек. Ага кошумча айдоочулар айып пул да төлөшөт. Бул аз келгенсип сүйрөтүп бараткан учурда унаалар бузулуп жатканына да айдоочулар нааразы болууда. Андыктан эвакуацияны жокко чыгаруу керек деди депутат Бекешев.
«Депутат айдоочу унаа токтотууда эржени бузган учурда башкача чара көрүлүүсүн сунуштады. “Андан көрө инспекторлор унааларга айып пул кагазын чаптап коюшсун. Айып пулдун көлөмүн 300 сом эмес, эки эсе 600 сомго көтөрөлү. Буга айдоочулар да макул болуп жатышат” деди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




