Депутат Токторбаев мал-жандыктан салык алуу боюнча сунуш келтирди (Видео)

Бүгүн, 3-ноябрдагы, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев мал-жандыктан салык алуу керектиги, аны менен айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу сунуштарын келтирди.

«Бодо малга, жылкыга жана койго салык киргизсек деген оюмду айткым келет. Азыр орточо эсеп менен жылкынын баасы 70 миңден 100 миңге чейин. Бодо малдын баасы 60-80 миңге чейин, койдун баасы 12 миңден 17-18 миңге чейин. Эгер салык киргизе турган болсок, койго жылына 100 сомдон, ири мүйүздүү малга, жылкыга жылына 200-250 сомдон салык салсак бир жылда айыл өкмөттөргө 1,5 миллиард сом акча түшөт. Ошондо айыл өкмөттөр борборду, өкмөттү карап, кол куушуруп отурбайт» деди Токторбаев.

Жеңишбек Токторбаев айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу боюнча бир катар сунуштарды келтирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты