Депутат Талиева прокурорлорго көзү өткөндөн кийин 21 млн сом төлөө мыйзамын карап чыгуу керектигин сунуштады

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 17-майда,  Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Камила Талиева прокурорлор жумуш учурунда каза тапкан болсо, 20 жылдык айлык акы же 21 млн сом төлөп берүү боюнча мыйзамды кайра карап чыгууну, аны өзгөртүүнү сунуштады.

Камила Талиева мынлай сунуш келтирди:

-Дүйшөмбү күнү бюджет жана фискалдык саясат комитетине Кабминден бир тескеменин тиркемесин алып келген. Ал “Прокурорлорду социалдык жактан коргоо чаралары жөнүндөгү”  тиркеме болчу. Мыйзам 2021-жылдын 14-сентябрында “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы” жөнүндө» Конституциялык мыйзам экен, 6-чакырылышта кабыл алынган, мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Негизи “Прокуратура жөнүндө” мыйзам 2009-жылдын 17-июнунда кабыл алынган. Мында эгер прокурор иш убагында каза болуп калса, бир жолу 20 жылдык эмгек акы, жөлөкпул төлөнүп берилет деп турат. 2021-жылы төлөп берүүсүн дагы көбөйтүп отурган. Прокурорлордун өмүрү узун болсун, бирок каза болуп калса, бир жолку эле төлөмү 21 миллионду чапчып жатат. Баткенде каза болгон баатырларыбызга канча компенсация берилди, салыштырып болбойт. Ошон үчүн ушул мыйзамды кайрадан карап чыгып, мамлекеттин каржысына карата, кайра караса болот. Ал эми жөлөкпул төлөө, социалдык проблема жаралып жаткан учурда, ушул компенсация жана Конституциялык мыйзамды кайрадан карап чыгалы. Бул — болбойт, эч кандай акылга сыйбаган көрүнүш. Мен бир да прокурордун дарегине ныпым доомат айткым келбейт, мен мыйзамга айтыкм келип жатат, -деди депутат Талиева.   

Ал эми депутат Осмонов кесиптештер туура эмес сын айтып кеткенин, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 252-беренесинде, ким болбосун, жумуш ордунда мугалим же электрик каза болсо, 20 жылдык эмгек акысы төлөнүп берилет. Бул бир гана прокурорлорго эмес, мамлекеттик органдардынкызматкерлерине тиешелүү,-деди депутат Осмонов.

Прокурорлордун жумуш ордунда каза болгонуна байланыштуу 21 млн сом жөлөкпул төлөп берүү нормасы коомчулукта чоң сынга кабылды.                      

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты