Депутат Талиева министрлик 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даяр эместигин айтты
- 1 год мурун
Бүгүн, 3-мартта, Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинде депутат Камила Талиева 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө билим берүү министрлигинин даярдыгы жок экенин айтты.
— 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даяр эмес, жакын арада өтө да албайсыңар. Булар эл аралык ЮСАИД уюмуна ишенген. Ошол программаны ошолор жасайт деп. ЮСАИДдин 24 долбоорунун 22си жабылып калыптыр, эки эле долбоору калыптыр. Булар ошолорго ишенип жаткан. Азыр 12 жылдыкка өтүү аткарылбайт (“провал болот”). Мен ошон үчүн айткам, элдин баары каршы болуп жатат, андан көрө 10 жылдыкка өтөлү, улуу Англия деле СССРдин системасына кайтып жатат деп. 12 жылдык эмес, 10 жылдыкка кайра өтөлү. Билимдин сапатын күчөтөлү дегенбиз. Эми Сингапурду, Малайзияны айтып отурат, кайсы жерге чейин барар экен булар, романтика менен. Булардын максаты грант алыш үчүн да. Билим берүү силерге оюнчук эмес, талап-бүтүрө турган болдуңар, -деди депутат Камила Талиева билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова 12 жылдык билим берүү тууралуу комитетте айтып бергенден кийин.
Парламенттин социалдык саясат комитетинин жыйынында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова 12 жылдык окутууга өтүү тууралуу маалымат берди. Азыр системада каттоо башталганын, электрондук каттоо программасы жөнөкөй экенин, мектептерде маалымдоо иштери күчөтүлө турганын кошумчалады.
«Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө» токтомду Министрлер кабинети 2024-жылы 15-мартта карады жана жактырды. Бул чечим мектептин жалпы билим берүү системасын 12 жылдык билим берүү моделине этап-этабы менен өтүп, заманбап билим берүү тенденцияларына ылайык билим берүүнүн мазмунун жаңылоону баштайт.
12 жылдык билим берүүгө өтүү менен 5-6 жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алышат. Мектепке чейинки даярдоо программасын ишке ашырып жаткан мугалимдер 12 жылдык окуу мөөнөтүнүн кириши менен атайын квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүп, 1-класстарды окутууну улантышат.
2024-жылы 26-мартта билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева маалымат жыйын өткөрүп, 12 жылдык окуу системасына өтүүнүн зарылчылыктарын айтып берди.
«12 жылдык окуунун эң биринчи максаты бүткүл дүйнөлүк билим берүү системасына кошулуу болуп эсептелет. Биздин миңдеген балдарыбыз эмгек рыногунда өзунүн ордун таба албай жатат. Анын бирден бир себеби Кыргызстандагы акыркы эл аралык жана улуттук баалоодо балдарыбыздын билим сапатынын төмөндүгү болуп саналат» деген министр.




