Депутат Түлөбаев: “Ыш менен күрөшүүгө делген 50 млн долларды мэрияга берип койгулачы, ышты кандай чечээр экен”

 

Бүгүн, 20-январда, Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында экология, Бишкектеги ыш маселеси талкууланды. Депутат Балбак Түлөбаев ыш менен күрөшүүгө делген 50 миллион долларды өкмөттүн мэрияга берип коюусун суранды. Түлөбаев ошондой эле Бишкектеги ышты чечүүнүн жолдорун сунуштады.     

-Мэриядагы иштин баары толук аткарылып жатат. Өзүнүн полномочиесиндеги иштердин баарын аткарды. Өкмөт жардам бериш керек эле, аны да алдап коюп кетти. Жардам берем, акча берем деди эле, берген жок. 50 млн долларды смогду жоготобуз деп алып туруп, Кыргызстанга чачыратып жатасыңар. 50 млн долларды мэрияга эле берип койгулачы, ышты кандай чечээр экен. Бергиле ошону мэрияга, алып туруп, 7-8 миллион берип койбой. 2 млрд сом беребиз дедиңер эле мэрияга, эчтеке берген жоксуңар, өкмөт. Элдин акчасын алып алып, 2 млрд сомго газификация кылалы деп ушул жерден чечим чыгарып бердик эле, аны да кылган жоксуңар. 8 пайыз коюп алып, жыргап отурасыңар,” уугуп өлгүлө” деп. Чечиш керек да муну,-деди депутат Түлөбаев.

Ошондой эле Балбак Түлөбаев үч маселе менен смогду чечсе болорун билдирди.

1. Көмүр. Кара-Кеченин көмүрүн киргизбейсиңер. 4 районго 4 склад саласыңар. Шабыргүлгө окшогон зыяны жок көмүрдү мүшөккө салып сатасыңар. Автоматтык түрдө 30-40 пайыз ыш жоголот. Ал түгүл Кант-цемент заводун 3 жылдан бери какшап айтып жатабыз, унчукпай отурасыңар, Бишкекти ууландырып жатат.  

2. Катализаторлор. Кытайлар катализаторлорду алып келип жатыптыр. Катализаторду койдурсаңар, өкмөт мэрияга полномочиени бергиле да. Ошону алып келгиле. Дагы 30 пайыз чечилет.

3. Газпром менен иштеш керек. Кышкысын “кышкы тариф” бергиле. Декабрь-январь-февралга, баарыбыз газификацияга шыгырап өтүп беребиз. Эгер “Газпром”, бербейби, анда башка компаниялар менен сүйлөшүш керек, Азербайжан, Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан менен сүйлөшөлү. “Кышкы тариф” менен бергиле. Мэрия азыр ТЭЦти газга өткөрсө, мэриянын эчтекеси калбай калат, “шымы” да калбай калат.

4. Пробкада турган машина көп жагып жатат. Марлен Маматалиев болуп, сунуш айтылган, айланма жолду салабыз, темир жолду тышка алып чыгабыз деп. Темир жолду сыртка алып чыкканга мэриянын күчү жетпейт. Жардам бергиле да мэрияга. Автобус пробка жаратат, же монорельс, же метро салыш керек, башка жол жок. Автобус пробканы чечпейт, бул элди ташуу үчүн, айла жоктон кылган иш,-деди Балбак Түлөбаев.

15-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкектеги ыш маселесин кароо боюнча маселеге кайрылган.

Кийинки кездерде Бишкек абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде абасы булганыч шаарлардын катарынан орун алууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты