Депутат Сеидбек Атамбаев жыйында сүйлөп жаткан учурда өзүн жаман сезди

Бүгүн, 21-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар өкмөткө бир катар сунуш-пикирлерин билдиришти. Анын арасында депутат Сеидбек Атамбаев да чыгып сүйлөп жатканда, өзүн жаман сезди.

-Экинчи маселе Орловка шаарында жана Төмөнкү Ала-Арча айылында оорукана начар, жараксыз абалга келип калды. Ошого кандай жардам бере алабыз? Өткөндө протоколдук тапшырма жазып бергиле деп айткам. Чүй облустук ооруканасында дагы…,  — деп айтып келе жатканда, депутат Атамбаев өзүн жаман сезип, пикир айтууну токтотту.

Андан кийин Сеид Атамбаев жыйындан кеткени маалым болду. Маалыматтарга караганда, анын жүрөгүнүн дарты кармаган.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат.

Атамбаев Сеидбек Алмазбекович  2021-жылы ноябрь айында бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин уулу.

Сүрөт: Интернет булактарынан.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты