Депутат Сеидбек Атамбаев парламентте камалган журналисттердин укугу тууралуу маселе көтөрдү

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 18-январда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Сеидбек Атамбаев кечээ камакка алынган журналисттердин укугу тууралуу маселе көтөрдү.

-Жарандардын өз оюш, пикирин билдирүү укугу, сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги Конституция тарабынан гана эмес, адам укугунун жалпы декларациясында, жарандык жана саясий укуктардын эл аралык пактысында, журналисттик ишмердүүлүктү коргоо  тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарда да чагылдырылган. Муну мен гана эмес, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы да белгилеп жатат.

Сиздер билгендей, кечээ кармалган 11 журналистти СИЗОго камашты, адвокаттардын айтуусу боюнча, аларды ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын имаратына кечээ киргизбей коюшту, тергөөчү адвокаттын киришин камсыздашы керек болчу. Муну менен адвокаттар коргогон адамдардын укугу да бузулуп жатат. Ушул маселелерге бул маселени көзөмөлгө алсаңыздар деп өтүнөр элем,- деди Сеидбек Атамбаев.

17-январда,мурда 48 саатка деп кармалган журналисттер, редакция кызматкерлеринин баары эки айга Бишкектеги СИЗО-1 ге камакка алынды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 16-январда, көз карандысыз бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, суракка алынып барышы боюнча маалымат таратты.

12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык,  “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери  бар деп аныкталган. 

Журналисттер 278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелүүдө. Бул берене боюнча жаза 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Кармалган 11 журналисттин баарынын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. ИИМ айыпталуучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда документтер, уюлдук телефондор, фотораппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык жабдуулар жана банктык карталар табылгандыгын билдирди. Жалпысынан 162 буюм алынгандыгы маалымдалды.

Сүрөттө: Депутат Сеидбек Атамбаев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты