Депутат Россияда чет элдик айдоочулук күбөлүктү колдонууга тыюу салуу маселесине көңүл бурду

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 7-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев Россиянын Мамлекеттик Думасы РФ аймагында айдоочулардын орусиялык айдоочулук күбөлүгү болгондо гана таксиде иштөөгө уруксат берүү жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарганын айтып, ал жактагы мекендештердин көйгөйүн чечип берүүгө көңүл бурду.

-Россияда эң көп, 700 миңден ашык мекендешибиз эмгектенип жатат. Россияда 4-сентябрда, Мамлекеттик Думада депутаттар тобу  Россияда чет элдик күбөлүк менен иштеген айдоочуларга эмгек ишмердигин жүргүзүүгө жана кызмат көрсөтүүгө тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеп, коомдук талкууга коюшту. Биз, кыргыз мамлекети биринчиден, ЕАЭБ мүчөсүбүз, биз бир гана ЕАЭБ ичинде орус тилине расмий макам берген өлкөбүз. Мурда орус тилинде жазылган айдоочулук күбөлүккө уруксат берилсе, эми Россинын гана күбөлүктөрүнө уруксат берилет деп жатат.

Алар көп себептерге негиздеп, автокырсыктарга сырттан келген мигранттар себепчи болуп жатат дешет.  Бул негизги себеп эмес.

Ошондуктан биздин жарандардын укугун коргоо үчүн, алар ишсиз калбашы үчүн, бизде Мам. Думанын арасында кызматташтык бар, ПАА бар, доступ тобубуз бар, андан тышкары ТИМге, элчиликке тапшырма берсек болот. Ушул мыйзамды кабыл алгыча биз реакция кылып, ал жактагы мекендештердин укугун коргоп калыш керек, Эгер мыйзам долбоору өтүп кетсе, мекендештерге кыйын болуп калат, -деди депутат Токтошев.   

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.       

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты