Депутат расмий сапарлар майнапсыз болуп, меморандумга эле кол коюлуп жатканын сынга алды    

  • 1 год мурун

Бүгүн, 20-февралда, Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында депутат Адахан Мадумаров расмий делегациянын чет өлкөгө болгон сапарлары майнапсыз болуп жатканын, меморандумга кол коюу үчүн эле барабы деп сынга алды.
«Сиздин жана массалык маалымат каражаттарынын маалыматтарынан «расмий сапарга барып келди» деп угабыз. Барып-келип эмне пайда тапты? Келишимдердин баарын карасаңыз, “меморандум, меморандум.”… Келишим деген сөз жок. Меморандум юридикалык күчкө ээ эмес. Эмне, меморандумга кол коюш үчүн барабы биздин делегация?” “Сегиз документке кол коюлду деп оозду толтуруп айтылат, анын жетөө меморандум болуп чыгат,-деди депутат Мадумаров.
«Биринчи сапар-саясий байланышты бекемдөө» деди тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев.

Бүгүн, 20-февралда, Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өзү жетектеген мекеменин 2022-жылдагы иши тууралуу маалымат берди.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты